• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков: Бизнес-омбудсмен институту киргизилет

17 Аяк оона 2018 15:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Ал эми Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтер менен күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет.Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт», -деп маалымдады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын статусун жогорулатуу үчүн Мамлекет башчысы ага алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Комитеттин ишине катышууга чакырды.

Эскерте кетсек Бизнес-омбудсмен институтун түзү маселени Акыйкатчынын кызмат ордуна Канат Азиз өзүнүн программасына камтыган.

Количество просмотров: 16