• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

17 Бештин айы 2018 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат менен камсыздоо кызматы маалымат таратты.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Сизди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Казакстан көз карандысыздык жылдары, Сиздин жетекчилигиӊиздин астында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Сиз демилгелеген масштабдуу мамлекеттик кайра өзгөртүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүнө, элдин бакубатчылыгынын жогорулашына жана эл аралык аренада Казакстандын кадыр-баркынын бекемделишине түрткү берди. Кыргыз-казак мамилесинин оӊ динамикасы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин андан ары да бекемделишине жана эки элдин кызыкчылыгына кызмат кылаарына терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бекем ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Количество просмотров: 1