• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков «Мекендештер-2018» форумунда мигранттарды колдоого чакырды

8 Баш оона 2018 13:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV.
«Мекендештер-2018» форумунда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, мигранттарды колдоого чакырды. Президент өз сөзүндө чет жерде жүргө мекендештер менен биргеликте өнүгүүгө өрүш алуу керектигин баса белгиледи.
«Урматтуу мекендештерим! Дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да чыныгы кыргыз баласы жүрөгүмдө — Ала-Тоом, карегимде — Ысык-Көлүм, сезимимде — Ата-журтум, ойлорумда — Кыргыз элим деп жашайт. Башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн келечегине толгонот, өнүгүүсүн эңсейт. Ошол кыргыздардын ойлорун колдоо максатында жолугуп олтурабыз. «Мекендештер» форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм. Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат»Ю- деди өз сөзүндө президент.
Эскерте кетсек форумга дүйнө жүзүнүн 20 өлкөсүнөн келген, 200дөн ашык делегат катышууда.
Количество просмотров: 19