• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Сорос-Кыргызстан» Фонду Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына «Клексан» препаратын тапшырды

14 Баш оона 2020 21:42 Бишкек Govori.TV

«Сорос-Кыргызстан» Фонду Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына 3,55 млн сом суммасындагы «Клексан» препаратынын 1000 таңгагын тапшырды

Сорос-Кыргызстан Фонду жабык мекемелерде COVID-19 белгилери бар бейтаптарды дарылоо үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына 3 миллион 550 миң сом өлчөмүндөгү маанилүү болгон «Клексан» дарысынын 1000 таңгагын тапшырды.

Дары-дармектерди өткөрүп берүү КР Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (МЖАК), Сорос-Кыргызстан Фонду жана “Адам укуктары боюнча укук коргоочулар” уюмунун ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагында жүргүзүлдү.

Ушул эле долбоордун алкагында, күзүндө коронавирустук инфекциянын болжолдонуп жаткан кайра көбөйүшүнө даярдануу максатында, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын медициналык кызматынын муктаждыктарын талдап чыккандан кийин, жалпы саны 10 миң адамга жеткен камалгандардын жана тейлөө кызматкерлеринин арасында COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылоо жана калыбына келтирүү үчүн бир катар башка дары-дармектерди, ошондой эле медициналык жабдууларды жана буюмдарды сатып алуу пландаштырылууда.

Ошондой эле, ушул жылдын аягына чейин МЖАКтын медициналык кызматына КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин жардамы менен жабык мекемелерде инфекциялык контролдун тийиштүү тутумун күчөтүүгө көмөк көрсөтүү пландаштырылууда.

Буга чейин Сорос-Кыргызстан Фонду Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин түрмөлөрдө коронавирустун жайылышын алдын алуу ыкмалары боюнча окутууга жардам берген, ошондой эле тейлөө мекемелерине жарым миллион сомдон ашык суммадагы жеке коргонуу каражаттарын тапшырган.

Количество просмотров: 180