Башкы прокуратуранын басма сөз кызматында 9-июнь күнү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Күзөт жана коштоо департаментинде (ККД) болгон өзгөчө окуя боюнча айрым маалыматтар берилди.
Окуя 7-июнь күнү болгон. Саат болжол менен 16:40 чамасында, ККДнын бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы А.Б. №3 түзөтүү колониясындагы соттолгон жаранды жеке клиникага жеткирип барган. Андан кийин, ошол эле жерде, өзүнө бекитилген тапанча менен өзүнө ок чыгарган.
Текшерүү иштери улантылууда.