Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай каңшаар кеп кайдан жана эмне себептен чыгып жатканы белгисиз экенин, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.
24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына таянуу менен абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлады.