Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.
15-май күнү, «Сорос Кыргызстан»фонду 2018-жылы Кыргызстандын аймагында жүргүзүлгөн жылдык иштердин жыйынтыктарын чыгарды.
Аталган фонд 2018-жылдын эсебинен «Коомдук саламаттык сактоо» програмасына 1,287,405$;
Укук программасына 463,914$;
Билим берүү программасына 370,901$;
«ЖМК өнүктүрүү» программасына 523,379$;
«Жарандык катышуу» программасына 303,793$ жана Маалымат
программаларына 276,953 АКШ долларын сарптаган.
«2018-жылга карата отчетту сиздердин назарыңыздарга сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз. Өкмөт өзүнүн жарандарынын алдында отчет берген системаны түзүү, бийлик менен коомдун үзүрлүү диалогун күчөтүү биздин Фонддун негизги милдеттеринин бири болуп саналат»,-дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов.
Белгилей кетсек, «Сорос-Кыргызстан» фондунун түптөлгөнүнө быйыл 26 жыл толот.