• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

10 Үчтүн айы 202510:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн эртең менен Төө-Ашуудагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бишкек — Ош унаа жолундагы Арал постундагы чектөө азырынча күчүндө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары жолдордо инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

Мекеме кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен жанына керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.

Количество просмотров: 204