• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

14 Жетинин айы 202421:41 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн 14-ноябрда саат 18:00дөн тартып №9 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ өзү кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылды.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 208