• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө кирди

29 Тогуздун айы 202413:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн , 29-октябрда саат 12:35ке карата Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырымындагы Сосновка постунда жана Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көпчүлүк унаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алганадыктан каттамда кыйынчылык жаралып, тыгындар болууда. Ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.

№9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууну, тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүүнү жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Количество просмотров: 155