• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

9 Бештин айы 202515:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрь саат 15:00дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 95