Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15тен тартып алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Чектөө Бишкек-Ош жолунда тайгак жана бороон болуп жатканына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында 6-мартта киргизилген.