• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Сот ачык өтсүн!». Райондук соттун алдында акция өтүп жатат

4 Тогуздун айы 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулду. Алар «Ачык сот талап кылабыз!», «Боштондук!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары киргизилбей келет.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Количество просмотров: 292