• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кемпир-Абад» иши: Илгиз Шаменовдун иши өзүнчө каралат

23 Бугу 202513:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад» ишинде активист Илгиз Шаменовдун ишин ал «катуу ооруп жатканына байланыштуу» деген негизде өзүнчө карамай болду. Бул тууралуу «кемпирабадчылардын» бири, экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жээнбеков 23-майдагы процессте шаардык соттун судьясы Адис Момуналиевге «ишенбестик» көрсөтүшкөнүн, бул өтүнүч четке кагылганын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.

Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана процесс былтыр 6-августта башталган.

Количество просмотров: 247