• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Садыр Жапаровду шарттуу түрдө бошотууга болбойт

6 Бирдин айы 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жазык жана Жазык-аткаруу Кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак-абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт.

Жогоруда аталган кодекстерде жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга колдонулбайт жана уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасап соттолгондор жатак-абакка которулууга жатпайт деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, С.Жапаров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 30-бер. 4-б. (кылмышка шериктеш болуу), 227-бер. 2-б. 1,3-п. (барымтага кармоо) менен күнөөлүү деп табылып, 11-жыл 6-айга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 16-бер. 3-б. 3-п. негизинде жасаган кылмышы өзгөчө коркунучтуу өнөкөттө жасалды деп табылган.

Аталган өкүм Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмү менен өзгөртүүсүз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-июнундагы токтому менен күчүндө калтырылган.

Жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигине байланыштуу С.Жапаровдун кылмыш иши кайра каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен жогоруда белгиленген соттук актылар Кыргыз Республикасынын ЖКнын талаптарына ылайык келтирилип, С.Жапаров аталган Кодекстин 43-бер. 2-б. (кылмышка шериктеш болуу), 244-бер. 2-б. 1,2-п. (барымтага алуу) менен 10-жылга эркиндигинен ажыратылып, соттук актылардан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 16-бер. 3-б. 3-п. алынып салынып, соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын ЖКнын 43-бер. 2-бөлүгүнө ылайык, кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеп уюштурган адам деп таанылат.

Количество просмотров: 90