• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаардык мэриясынан Канышай Имарова кызматтан бошотулду

20 Аяк оона 202416:07 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова кызматынан бошотулду. Бул маалыматты мэриянын маалымат кызматы ырастады.

Маалыматка караганда ал 27-августта кызматтан алынган.

Эске салсак, Имарова бул кызматка 28-майда дайындалган. Буга чейин ал муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Май айында Канышай Имаровага Ош шаардык прокуратурасы иш козгогону маалым болгон. Ош шаардык соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 млн. 100 миң сом айыпка жыккан.

Андан кийин Ош облустук соту 28-августта шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Количество просмотров: 201