• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот Бишкекте 8-мартка белгиленген тилектештик маршына тыюу салды

5 Жалган куран 2020 18:31 Бишкек Govori.TV

8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте өтөрү болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршына» Биринчи май райондук соту 5-марттагы чечими менен тыюу салды.

Маселенин сотто каралышына Биринчи май райондук администрациясынын, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын иш-чарага тыюу салуу тууралуу арызы негиз болду.

Аталган жергиликтүү мамлекеттик мекемелер сотко мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап кайрылып, муну дүйнөдө жайылып жаткан коронавирусту жана ар кандай башаламандыктарды алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн.

2018-жылы 8-мартта уюштурулган мындай марш жаңжал менен коштолгон. Буга аялдарга зомбулукка каршы чакырыктарынан тышкары жыныстык азчылыктын жана феминист аялдардын укуктарын коргоо чакырыктары себеп болгон. Мындай көрүнүш улутчул көз караштагы топтордун катуу сынына кабылган.

Количество просмотров: 124