• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Бишкектин борборундагы митингдерге чектөөнү 31-мартка чейин узартты

11 Үчтүн айы 202318:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбор калаанын борборундагы митингдерге коюлган чектөөнү 31-мартка чейин узартты.

Сот Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май административдик округу боюнча муниципалдык администрациянын башкармалыгынын тынч чогулуштарды өткөрүү ордун чектөө жөнүндө чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Тагыраагы, арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Калган бөлүгү четке кагылды.

Тагыраагы, митингдерди Ала-Тоо аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин; Жогорку Кеңештин имаратынын жана ага чектеш Иван Панфилов атындагы парктын жанында; президенттик администрациянын жанында; Таттыбүбү Турсунбаева атындагы аянттын аймагында; Жогорку соттун жанында; Россиянын элчилигинин жанында; УКМКнын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынат.

Болгону, Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький аянтында тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө уруксат берилди.

Количество просмотров: 203