• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сот Дениз Раимкуловду кепилдик менен коё берүүдөн баш тартты

9 Бештин айы 2017 8:55 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Гавриловка айылынын мурдагы башчысы,  бийликти басып алууга аракет кылган деп, Канатбек Исаевдин иши боюнча камакта отурган Дениз Раимкуловду сот кепилдике коё берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

“Менин жактоомдогу адамдын эч кандай күнөөсу жок. Анан эмнеге ал камакта отуруш керек? Үй камагына же өлкөдөн чыкпашы тууралуу кол койдуруп алса болот да. Айрым учурларда кепилдик акча төлөнгөндө соттор айыпкерлерди коё берет. Бирок Кыргызстанда бул тажрыйба өтө сейрек колдонулат”-дейт жактоочу.

Эскерте кетсек кечээ шаардык сот Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты. Анын менен бирге райондук салык кызматынын жетекчисинин орун басары Рамис Жунусалиев, Сокулук районунун Гавриловка айылынын мурдагы башчысы Дениз Раимкулов жана Майрамбек Маткулов деген жаран камакта отурат.

Кийинчерээк 9-октябрда бул иш боюнча жарандык активист Мелис Аспеков камака алынган.

Количество просмотров: 21