• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сот имаратынын алдында пикет өткөргөн аял беш суткага камалды

5 Кулжа 2023 15:43 Бишкек Govori.TV

Караганды соту жергиликтүү тургун Сания Звереваны облустук соттун имаратында пикетке чыкканы үчүн беш суткага административдик камакка алды. Ал 1 -2-июнда сот имаратынын алдында жалгыз акция өткөргөн.

Зверева соттун имаратына эки жолу келип, ижара акысын төлөй турган эч нерсеси жок болгондуктан, бардык буюмдары менен ошол жерде каларын билдирген. Айтымында, банк эсеби соттун чечими менен бөгөттөлгөн, доо арыз жазуу укугунан да ажыратылган.

Сания Зверева өзүнөн моралдык чыгымды өндүрүп берүүнү өтүнгөн мурдагы атаандашынын арызы боюнча сот жообуна тартылган. Райондук сот бул иш боюнча чечим чыгарып, даттанууга мүмкүнчүлүк бербей, аны күчүндө калтырган. Кийинки соттук териштирүүлөрдө процессуалдык мыйзам бузуулар далилденген, бирок жылыш болгон эмес.

Казакстандын мыйзамдары кандайдыр бир акцияларды уюштурууну каалагандарды жергиликтүү бийлик менен макулдашууга милдеттендирет. Талдоочулар бул эреже жарандардын конституциялык укугун чектейт деп эсептешет. Бийлик 2020-жылы кабыл алынган мыйзамды демократияга шайкеш келет деп атаган. Укук коргоочулар акимчиликтерде митингдерди болтурбай коюу үчүн күч жетиштүү экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 89