• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сот Кеңешбек Дүйшөбаевди камакта калтыруу чечимин чыгарды

10 Жетинин айы 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык соту Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин баш коргоо чарасын карады.

Шаардык сот аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Биз кармалып жаткан иш ойдон чыгарылган. Ар бир айткан сөзүм, кадамдары мыйзам чегинде гана болгон. Башаламандык уюштуруу ниетибиз болгон эмес. Эч кандай кылмыштын белгилери жок. Баш мыйзамда тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салынбайт», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 129