• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу чечимин чыгарды

25 Бештин айы 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту бүгүн, 25-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңештин депутатынын мандатына байланыштуу ишти карап, аны мандаттан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул боюнча Темирлан Ормуков билдирди.

“Биринчи инстанциядагы административдик соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес”, – деди ал.

Шаардык сот 15-декабрда даттанган тарап Темирлан Ормуковдун ооруп калышынан улам кийинки жараянды бүгүнкүгө жылдырган.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.

Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу чечимди саясий деп баалаган. Көп өтпөй Ормуков административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат.

Количество просмотров: 323