Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин ишин кароону улантты. Кийинки отурум 2-сентябрь 14:00гө белгиленди.
Бүгүнкү отурумда сот Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Азамат Жанышбек уулун жана лингвистикалык экспертизаны жүргүзгөн Жийдегүл Семёнованы сурады.
Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.
Тергөө материалдарында «Next TV Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган» деп жазылган.