• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды

27 Тогуздун айы 202117:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы саясатчы Равшан Жээнбековду камакта калтырды. Соттун чечимине ылайык ал 27-декабрга чейин камакта болот.

Буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондугуна байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүүнү суранып, сотко кайрылган.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган.

Количество просмотров: 47