• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот тутумунда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыздоодогу прокуратура органдарынын ролу

8 Чын куран 202511:54 Бишкек Govori.TV

Жүрүп жаткан соттук реформанын алкагында 2024-жылы Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыздоо максатында маанилүү кадамдар жасалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Белгиленгендей, прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири, соттордо мамлекеттик айыптоону колдоо жана өкүлчүлүк кылуу.

«Прокуратура кызматкерлери 2024-жылы жалпы соттук инстанцияларда 17 936 адамга карата мамлекеттик айыптоону колдоп, 13 адамга карата айыптоодон баш тарткан», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жергиликтүү соттордун чечимдери да дээрлик өзгөчөлүктөрдү көрсөтүүдө.

«Ага мисал катары, 2024-жылы 178 адамга актоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө кирген. Бул статистика өлкө башчы тарабынан жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын түшүмү дегенге толук негиз бар. Кылмыш иштерди кароодо, ар бир адамдын, кылмышкер болобу, жабырлануучу болобу тагдыры маанилүү болгондугун, соттор тарабынан кылмыш иштерди терең изилдеп, мыйзамдын негизинде чыгарылган чечимдеринин сапаттык көрсөткүчү деп баалоого тийиш. Ошондой эле, 2024-жылы жалпы жергиликтүү соттор тарабынан каралган иштердин 33% өндүрүштөн кыскартылган. Бул көрсөткүч соттордун ишин жеңилдетүү жана кылмыш иштерди кыска мөөнөттө чечүү максатында аткарылган иштердин натыйжасы», — деп белгиленди.

Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү укуктук мамлекеттин калыптануусунда маанилүү ролго ээ болгондуктан, соттордун ар бир кабыл алган чечимдери негиздүү жана мыйзамдуу болуу принцибин аткаруу максатында 2024-жылы прокуратура органдары тарабынан ар бир негизсиз кабыл алынган чечимдерге карата сунуштар киргизилип, анын 52,2% канааттандырылган. Бул прокуратура органдарынын ишинин сапатын жана мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүүдөгү маанилүү көрсөткүч экени кошумчаланды.

2024-жылы жалпы сот системасынын ишмердүүлүгүндө оң иш-аракеттерди жана реформаларды көздөгөн жыл болгондугун жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн дагы көп иштердин аткарылуусу пландалган.

Ошону менен бирге, прокуратура органдары мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана бардык тараптардын укуктарын сактоо үчүн өз аракеттерин мындан ары дагы күчөтүүдө.

Количество просмотров: 175