• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Сотко Текебаев менен Чотоновду алып келишти

29 Баш оона 201914:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттук отурумга алып келишти. Бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов фейсбук баракчасына сүрөт жарыялады.

https://www.facebook.com/almambet.shykmamat/photos/a.291429244584319/883885928671978/?type=3&theater

Ал эми соттук отурум жабык өтүүдө, Текебаев менен Чотоновдун жакындары, тарапташтары жанан ММК өкүлдөрү киргизилген жок.

Ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Буга чейин белгилүү болгондой, жактоочулар соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 27