• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Социал-демократтар» партиясы Темирлан Султанбековду ачкачылыкты токтотууга чакырды

18 Бештин айы 202420:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн абакта отурган Темирлан Султанбековдун ачкачылык кармаганына 35 күн болду.

“Социал-демократтар” партиясы абактагы лидери Темирлан Султанбековду ачкачылыкты токтотууга чакырды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев социалдык тармактарга билдирүү менен чыкты.

Билдирүүдө Султанбековдун “чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөткөнү” белгиленген.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Буга чейин 14-ноябрда аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары баалап жатышат.

Темирлан Султанбеков абакка отургандан тарта ачкачылык кармоодо.

Количество просмотров: 254