«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков учурда ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында (УКЖ). Анын адвокаттарынын айтымында, сот дем алыш күнгө белгиленип, эч ким процесс тууралуу алдын ала кабарланган эмес.
Адвокаттын айтымында укук бузууларга карабастан, Султанбековду күч менен автозакка алып чыкканда, ал жерден Султанбеков эсин жоготкон.
Тергөөчүлөр Султанбековдун ден соолугунун начарлашына байланыштуу тез жардам чакырууга аргасыз болушкан.
Белгилей кетсек, Свердлов райондук сотунда Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Турксевердин баш коргоо чарасын кароо үчүн отурум өтүшү күтүлгөн.