Бишкек.17.01.2018.Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында пенсия чегерүүнүн шарттарын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам сунуш кылынды.
Өлкөдө пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 1800 сомду түзө тургандыгын парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди. Мындан сырткары ал мындай пенсияны эмгек стажы толук эмес адамдар гана алып жатканын кошумчалады.
«Өлкөдө 630 миң пенсионер бар, жылына 40-45 миң кошулат. Эң аз пенсия алгандар эмгек тажрыйбасы аз адамдар жана дыйкандар. Алар 1800 сомдон алышат. Бул төлөмгө толук эмес стаж менен Социалдык фондго аз төлөм төлөгөн жарандар да кирет» — дейт Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров.
Мындан сырткары, Абжапаров эмгек китепчеси жок иштегендер пенсия алышпайт. Алар 65 жаштан өйдө болгондо Социалдык өнүктүрүү фонду тарабынан атайын пособие алыша тургандыгын кошумчалады.
Маалымат боюнча, Кыргызстанда 630 миңдей пенсионер бар.