• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Соцтармакта талкуу жараткан торт эки жаштын үлпөт тоюна жасалган (видео)

14 Үчтүн айы 2018 20:42 Бишкек Govori.TV

14.01.2018.Govori.TV

Социалдык тармактарда тойго алып келинген өзгөчө жасалгаланган торт кызуу талкууланып жатат. Тортту Шымкенттеги үлпөт той үчүн  россиялык белгилүү кулинар Ренат Агзамов даярдаган. Ал өзүнүн Instagram баракчасына аталган тортту жасоо үчүн командасы менен үч күн иштегенин билдирген.

«Өтө оор эл аралык долбоорду ишке ашырдык. Торттун диаметри — үч метр, бийиктиги — 4,2 метр (арабасы менен). Салмагы — 1500 килограмм болду», — деп жазган кулинар.

Үлпөт тойго Казакстандын шоу-бизнес жана спорт жылдыздары катышкан. Алардын арасынан Тамара Асар, опера ырчысы Сундет Байгожин жана боксчу Геннадий Головкинди көрүүгө болот. Казакстандык айрым ЖМКлардын билдиришинче торттун баасы 179 миң долларды түзгөн.

https://www.instagram.com/p/Bd7sF1EHJ5K/?hl=ru&taken-by=govori.tv_bishkek

Казакстанмаалыматагенттиги

 

Количество просмотров: 12