• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Соттон Мусакеевдин жактоочусун тез жардам алып кетти

23 Бугу 201918:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин кароо 24-майга жылдырылды.

Себеби, соттук отурумдун журүшүндө Мусакеевдин жактоочусу Темирлан Кожоакматов өзүн начар сезип, аны тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

Буга чейин Свердлов райондук сотунда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранган

Эске салсак, 8-майда Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Интернетте “Мусакеевдин байлыгы” деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген. Мусакеев бул маалыматты четке кагууда.

16-майда Аскердик прокуратурага “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күбө катары сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 17