• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соттун алдына активисттер менен саясатчылардын тарапташтары чогулду

24 Тогуздун айы 202218:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кечээ кармалган активисттердин баш коргоо чарасы каралат.

Сот имаратынын алдына бир нече жарандар чогулганын көрүүгө болот. Алар «соттор адилеттүү чечим чыгарсын», «саясий куугунтук токтосун» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Количество просмотров: 90