Депутат Рустамбек уулу Советбек тарабынан билим берүүнү колдоо багытындагы 1 млн сомдук «Билимдүү Ноокат» байге фонду уюштурулду.
Ноокат районундагы мугалимдердин жана мектеп окуучуларынын Билим берүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн «Билимдүү Ноокат» байге фонду уюштурулган.
Ал байге фонду мелдештерде, предметтик олимпиаданын облустук, республикалык турларынын жеңүүчүлөрүнө, , Алтын тамга, Алтын сертификат ээлерине, Жылдын мыкты мугалимдерине, тарбиячыларына, 21-кылымдын интеллектуалдары кароо сынагынын жеңүүчүлөрүнө, жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө берилет.
Мында эл өкүлү:»Бул байге фондун дагы жогорулатууну көздөп жатабыз. Быйылкы жылдын жыйынтыгына карап көрүп, жаш мугалимдерди колдоо багытында да ойлонуп жатабыз. Бүгүнкү күндө Мугалимдерди колдогондор аз болууда. Бирок азыр КРнын өлкө жетекчилери бардык аракетти мугалимди жана мугалимдик кесиптин кадыр баркын көтөрүүгө жумшоодо»,- деп белгиледи.