• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Союзбек Надырбеков маданият министрине орун басар болду

28 Бештин айы 202114:53 Бишкек Govori.TV

Надырбеков Союзбек Надырбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Надырбеков Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

2008-2009 — «Манас» Кыргыз-Түрк Университети — эстрадалык вокал.

2009-2013 — Бишкек гуманитардык университети — Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер (корей).

2009-2012 — Чунг-Анг университети (Корея Республикасы) — ички жана тышкы саясат.

2015-2017 — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу («магистр» академиялык даражасы).

2017-жылдан азыркы учурга чейин — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы — саясий институттар (аспирантура).

Эмгек ишмердүүлүгү:

2020-2021 — «Республика-Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын консультанты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

2018-2019 — Падыша Абдул-Азиз Төө фестивалынын координатору — Nomad Universe (Сауд Арабиясы).

2017-2018 — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананын — катчылыктын адиси.

2016-2017 — өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси.

2015-2017 — Asia Children Charity эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.

2013-2015 — KGM туристтик компаниясынын башкы менеджери, азыр Luna travel.

2013-2015 — «Лидер» жаштар клубунун төрагасы.

Количество просмотров: 225