• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Спецназдын пара алууга шектелген гаишниктерди кармоо учурундагы видео тарады

1 Теке 201915:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Кадамжай шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2 кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Аларды кармоо учурундагы делген видео интернетке тараган.

https://youtu.be/XUdkL4678SY

Маалым болгондой, аталган кызматкерлер эртең менен 08:00 чамасында Кадамжай шаарындагы «Азирет-Али» сыйынуучу жайынын алдында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Текшерүү учурунда Алар Өзбекстандын Шахмартдан айылынын тургундарынан 310 миң сум (2,5 миң сом) пара алгандыгы аныкталган. Акча аталган 2 кызматкердин унаасынан чыккан.

Буга чейин Өзбекстандын жарандары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара талап кылып жатышкандыктарын билдиришкен.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иш козголгондугу маалым болду. Пара алуу шектелип Кадамжай РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери К.М. менен К.С. кармалган. Алар кызмат абалдарынан пайдаланып, Өзбекстандан Кыргызстанга жүк ташыган ишкерлерден дайыма акча талап кылышкан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы аталган фактыны тастыктап, бирок кенен маалымат беришкен жок.

Количество просмотров: 26