• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы кызматын тапшырды

12 Бирдин айы 202610:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматын тапшырып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-февралда парламент жыйынын башында жарыялады.

«Мен ушундай чечим кабыл алдым. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Туруктуулук болуш керек», — деди ал.

Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон. Эми депутат катары ишин уланта берет.

Количество просмотров: 230