• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Спикер президентти таң калтырды. Депутаттардын кол тийбестиктен ажыратуу маселеси Улуттук жыйында түшүнбөстүк жаратты

13 Баш оона 2018 13:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сунушталып жаткан стратегиядан депутаттардын кол тийбестиктен ажыратуу пунктун алып салууну өтүндү.

Спикер парламенттин ролу жана 2040-жылга чейин өнүгүү стратегиянын саясий максаттарына жетишүү жөнүндө айтып берип жатып, президент Сооронбай Жээнбековго документтин 3-пункту, тагыраак айтканда депутаттардын кол тийбестигин алып салуу туурасында айтылып жаткан жеринде кемчилик бар экенин айтты.

Президент бул суроого тан калды. Ал бул маселе чындап эле бар, бирок эски нускасында болчу. Бүгүн жаңы нускасыны колуна алган, жыйындын катышуучуларында мындай маселе болуусу мүмкүн эмес экенин айтты. Төрага документтин жаңы басылышы берилген деп ишендирди. Президент депутаттардын кол тийбестигин алып салуу маселеси Улуттук кенештин күн тартибинде болушу мүмкүн эместигин айтты.
“Биз депуттардын кол тийбестигин ала турган болсок, алар өз оюн ачык айталбай калышат. Эгерде жемкордук элементтер байкалса, депутаттарды жоопкерчиликке тартса болот, бирок, кол тийбестигин алып салуу болбойт”,- деди президент.
Мындай сөздү уккан төрага Дастан Жумабековдун жаны жай алып, андан соң сөзүн улады.
Количество просмотров: 27