Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, Кыргызстанда кийинки жылдын башында алкоголдук ичимдиктердин, тамеки каражаттарынын жана таттуу суусундуктардын баасы олуттуу түрдө, болжол менен 1,5-2 эсеге жогорулашы мүмкүн.
Ал белгилегендей, бул чаралардын негизги максаты – калктын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо.
«Бүгүнкү күндө бизде спирт ичимдиктери, тамеки жана таттуу суусундуктар зыяндуу продукцияга кирет. Буга байланыштуу министрлер кабинети, Экономика министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте акциздик төлөмдөрдү акырындык менен көтөрүү боюнча иш алып барууда. Биринчи кезекте бул калктын ден соолугу менен байланыштуу, анткени ичимдик, тамеки жана таттуу суусундуктар адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирет», — дейт ал.