• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

12 Үчтүн айы 202617:35 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата колдонулуп жаткан акциз салыгынын ставкалары жогорулаганын эскертет.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт.

Количество просмотров: 91