• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Спорт агенттигинин жетекчиси алмашты

26 Баш оона 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу директордун орун басары Парханов Мирлан Абдивалиевичке жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.

Мындан мурда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

Количество просмотров: 139