Бүгүн, 16-февралда Пекин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу Максим Гордеев жарышка түшүп, тилекке каршы, башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта албай калды.
Слалом боюнча азырынча австриялык спортчу алдыда келе жатат.
Максим Гордеев катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынайт.
Слалом боюнча экинчи жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 11:45ке белгиленген.