• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Спортчуларга жетишкендиктери үчүн стипендияларды төлөө тартиби аныкталат

10 Үчтүн айы 2018 12:15 Бишкек Govori.TV

10.01.18. Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен аталган мыйзамдын 6-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Ага ылайык спортчуларга спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо боюнча мамлекеттин милдеттемеси белгиленет. Бүгүнкү күндө болсо стипендияларды төлөө «КР алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укугу бар адамдарды жөнгө салуу максатында долбоор менен 25-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Анда “КР спорт чебери” же “КР эл аралык класстагы спорт чебери”, “КР эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленүүдө.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Количество просмотров: 9