• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда жана Арменияда өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда

21 Бугу 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы россиялык «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда жана Арменияда өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) видео-конференция байланыш форматында өткөн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Спутник V» вакцинасын Казакстанда жана Беларусияда чыгаруу ийгиликтүү ишке ашырылды.

“Россия – вакцинасынын технологиясын башка өлкөлөргө берген жалгыз өлкө. Эми Армения жана Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда”, — деди ал.

Мындан тышкары, Россия президенти дары-дармек коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруу маанилүү деп эсептейт.

“Коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу ата мекендик дары пайда болду. Жыл аягына чейин ЕАЭБдин эксперттери биздин өлкөлөрдү коронавиурсту дарылоо үчүн гана эмес, башка стратегиялык маанилүү дары-дармектер менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планын даярдашы керек. Чындыгында, жакынкы келечекте улуттук системанын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдө натыйжалуу дары-дармектерди өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө сөз жүрүп жатат”,-деди Путин.

Количество просмотров: 115