Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 6 айында 823 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштармалуу 39,2%га аз.
«Өрттүн кесепетинен 227 миллион 682 миң сом материалдык чыгым келтирилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 36,7%га аз. Ал эми жыл башынан бери өрт кырсыгынан 16 адам каза болсо, өткөн жылы 24 ды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.