• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Стамбулда өрт кырсыгынан кеминде 27 адамдын өмүрү кыйылды

3 Чын куран 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

Стамбулда 2-апрелде өрт кырсыгынан кеминде 27 адамдын өмүрү кыйылды. Өрт шаардагы 16 кабат имараттын жертөлөсүндө жайгашкан Masquerade түнкү клубунда тутанганын Би-Би-Си жазды.

Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы жана коноктор үчүн жабык болгону айтылды.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрттө көз жумгандардын баары ал жерде иштеп жаткан курулушчулар болгон.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирүү жүргүзүп жатышканын айтты.

Количество просмотров: 167