• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Стамбулдун аэропортунан кыргыз кызы дайынсыз жоголду

14 Кулжа 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
Түркияда Стамбулдун аэропортунун аймагынан Кыргыз кызы Нургиза Кулмамбетова дайынсыз жоголду. Бул  тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги дагы тастыктады. 
Билдирүүгө караганда, кыз Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келе жатып, Стамбулдун аэропортунун аймагынан жоголду деген маалымат бар.
Ал эми жоголгон кыздын курбусу Жанна Араева массалык маалымат каражаттын өкүлдөрүнөн бул маалыматты бөлүшүп, таркатууну суранат.
Маалыматка караганда, жоголгон кыздын туугандары консулдук кызмат Департаментине кайрылышкан. Түркия тарапка расмий билдирүү жиберилип, издөө жүрүүдө. Азырынча кыздын дареги белгисиз.
Ал эми жоголгон кыздын Алтынай Усубалиева аттуу курбусунун сөзүнө караганда, Нургиза «Кумтөр» компаниясынын кызматкери катары Торонтодон келаткан. Акыркы маалыматтарда анын кол сумкасы Стамбулдун аэропортунан табылган.

https://www.facebook.com/janna.aray/posts/10155451535882611

Количество просмотров: 27