• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Статистика комитети: Кыргызстанда бир айда көмүрдүн баасы дээрлик 6%га төмөндөдү

10 Бештин айы 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын 10-декабрына карата үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна 5 342,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 989,6 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 969,9 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 824,6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом) жана Токмок шаарларында (бир тонна үчүн – 4 598,9 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 825,4 сомго же 30,4 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 333,5 сомго же 4,7 пайызга, жана Покровка айылында — тоннасы 300 сомго же 5,5 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу Исфана (бир тонна үчүн – 1 871,6 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 748,9 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 428,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 906,2 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында:

Нет описания.

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Балыкчы (тоннасы 3 200 сом), Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында арзандатылгын баада көмүр сатуу түйүндөрү катталган. Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгон баалар Улуттук статистика комитет тарабынан көмүрдүн орточо баасын эсептөөнүн жүрүшүндө жалпы суммага киргизилген эмес.

Количество просмотров: 141