Суданда акыркы бир нече жумада холера жугуштуу оорусунан кеминде 22 адам каза болду. Бул тууралуу кечээ Саламаттыкты сактоо министри Хайтам Мохамед Ибрагим билдирди. Ошондой эле дагы 350дөн ашык адам жуктурганын айтты.
Судандын саламаттык сактоо министри холерага каршы вакцина табуу үчүн эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.
Холера – тез өсүп жаткан жугуштуу оору, ал ичти өткөрөт жана аябай суусатат. Учурунда дарыланбаса, бир нече сааттын ичинде өлүмгө алып келиши мүмкүн. Оору булганган тамак-аш же суу аркылуу жугат.
Жарандык согуш уланып жаткан Суданда саламаттык сактоо системасы эффективдүү иштебей, эпидемиялык оорулардын жайылышы да адамдардын жашоосун ого бетер кыйындатууда.