• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Конгодо маймыл чечегинен каза болгондордун саны көбөйүүдө

20 Баш оона 202422:36 Бишкек Govori.TV

Mаймыл чечек вирусу чыккан Конго Демократиялык Республикасында каза болгондордун жана жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Конго Республикасы жыл башынан бери маймыл чечек вирусунан кеминде 570 адамдын каза болгонун билдирди. Конгонун Саламаттыкты сактоо министри Рожер Камба бул вирус эпидемиясына байланыштуу маалымат берди.

Тагыраагы, ушул жылдын башынан бери 16 миң 700 дарт жугузгандар тастыкталганын алардын 570тен ашыгы каза тапканын кабарлады.

Бул дарттын эпидемиясы Африканын 17 өлкөсүнө жайылганын маалымдаган министр, өзгөчө 15 жашка чейинки балдарга, жаштарга таасир эткенин белгиледи. Конгодо бул вирус 2022-жылдын декабрь айынан бери жалпы улуттук эпидемия экендиги айтылып келе жатат.

Маймыл чечек вирусу чычкандар жана тыйын чычкандар сыяктуу кемирүүчүлөрдөн же оорулуу адамдардан жугат.

Вирус жуккандан кийин 5-21 күндүн ичинде биринчи симптомдору пайда болушу мүмкүн. Вирус көбүнчө жогорку температура, баш, бел жана булчуңдарды оорутуп, лимфа бездерин шишитип, чыйрыктырып, адамды титиретет. Териде суу чечекке окшош ыйлаакчаларды пайда кылат. 

Количество просмотров: 212