Парламентте депутат судьяны коррупцияга айыптап, судья депутатты элдин алдында кечирим суроосун талап кылды
Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын жыйынында депутат Айбек Алтынбеков судья Нүргүл Бакированын дарегине айыптарды айтып, УКМКга көзөмөлгө алууну айтты.
Депутат Жалал-Абад шаарында Абилова аттуу жаран жашыл участокко мыйзамсыз кызыл китеп чыгартып алган, кийин бул боюнча Мамкаттоонун кызматкери жоопко тартылып, айыпка жыгылганын айтты.
“Жалал-Абад шаарынын мэриясы сотто биринчи, экинчи инстанцияда утуп келет. Бирок Жогорку сотко келгенде эле сиз тарабынан дайыма процесс артка кайтарылууда. Сиз 2-3 жолу мамлекеттин кызыкчылыгын колдобой, жеке таанышыңызга жардам берип койдуңуз”, — деди судьяга
Жогорку соттун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Нүргүл Бакирова депутат эл алдында кечирим суроосун айтты.